Президент Алмазбек Атамбаев "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 5-сентябрында кабыл алынган эле.
Бул мыйзам боюнча, мыйзам долбоорлору тууралуу биринчи жана экинчи окууларда добуш берүү аларды талкуудан кийин жүргүзүлөт деп белгиленет. Ал эми мыйзам долбоорлору боюнча үчүнчү окууда добуш берүү Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган мөөнөттөгү ар бир бейшемби күндүн экинчи жарымында жүргүзүлөт.Ошондой эле мыйзам долбоорлоруна тиешеси жок маселелер боюнча добуш берүүлөр чечүүчү добуш укугуна жол берилген талкуудан кийин жүргүзүлөт.
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.