Бүгүн, 22-октябрда Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы орто мектепте, кыргыз элинин баатыры Муканбет уулу Уландын мемориалдык тактайынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-спикер Асия Сасыкбаева катышты. Ал эми салтанаттын жүрүшүндө Баткен согушунун катышуучуларына, коомдук иштерге жигердүү катышкан ардагерлер Нарын шаардык мэриясынын жана кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Эске салсак, 14 жыл мурун Баткен облусунун аймагына баскынчылардын кирүүсүн токтотуу максатында республиканын башка аймактарынын катарында Нарын шаарынан Баткенге жөнөтүлгөн 41 азамат ал жакта бандиттер менен согушуп, алардын ичинен Заярко Руслан Николаевич жана Муканбет уулу Улан баатырларча курман болгон.