Кырызстанда инженердик билим берүү ассоциациясы түзүлдү

ТЕМПУС программасынын “Борбордук Азияда инженердик билим берүүнүн сапаты” долбоорунун алкагында Кыргызстанда инженердик билим берүү ассоциациясы түзүлүп, башкы конференциясы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады. Ассоциациянын өкүлдөрү уставдын долбоору менен таанышып, келишимге кол коюшуп, президент, аткаруучу директорду шайлашты. Инженердик билим берүү ассоциациясы коммерциялык эмес ыктыярдуу юридикалык жактардын – ЖОЖдордун, илимий-изилдөө мекемелеринин, ишканалардын жана башка инженердик билим берүүнү, инженердик корпусту жакшыртууга кызыкдар уюмдардын бирикмеси болуп саналат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан