УКМК тарабынан узак жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө, Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин ташып жүргөн ири көлөмдөгү эл аралык баңги каналы аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
13-май күнү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Ош облусунда атайын жашыруун жерге бекитилген оор жүк ташуучу унаа аныкталып, анын ичинен жалпы салмагы 440 килограммдан ашык болгон баңгизат табылган. Алынган героиндин учурдагы базардагы баасы 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөт.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки Кыргыз жараны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган баңги каналына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.