Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы болбойт. Муну "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардын Киев, Медеров, Радишев, Түлөбердиев жана Пенза көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө, Арча-Бешиктин түштүк-чыгыш тарабына электр энергиясын берүү чектелет.
Аламүдүн районундагы Алма-Ата, Чугуев, Панфилов, Гоголь, Лебединовка айылынын Чүй, Нарын, Ош, Северная, Чапаев, Киров, Школьная, Мичурин көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт. Чүй айылына да ушул убакытта электр жарыгын берүү чектелет. Өчүрүүлөр тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.