Индиянын 18 жаштагы жараны Шивадан 4-майда коронавирус табылды. Ал үй-бүлөсүнө коронавирус жуктурбоо үчүн бактын үстүндө жашады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Индиянын Телингана штатындагы Налагонда шаарында COVID-19дун жайылышы менен ден соолукту чыңдоочу борборлордо, ооруканаларда орун калган эмес. Андан сырткары жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармектер жана вакциналардын жетишсиздиги жаралган. Ошондой эле үйдө дарыланууга да мүмкүн болбой калган. Анткени көп үй-бүлөлөр бир бөлмөлүү үйлөрдө жашашат.
Мындан улам Шива жакындарын коргоо үчүн үйүнүн жанындагы даракта жашап турууну чечкен. Жергиликтүү ыктыярчылар ага үй-бүлөсүнөн өзүнчө болууга кеңеш беришкен. Шива ал жерде 11 күн болгон.
Индия коронавирус менен ооругандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 25,2 миллиондон ашты, 278 миңден ашуун адам каза болду.