Жеңишбек Айтиев: "Биздин үйдөн бейиште бирөө бар деп калам"

Куудул, тамада, ырчы, тамашалуу ырлары менен эл оозуна алынган Жеңишбек Айтиев акыркы эки-үч жылдан бери чыгармачылыкка аралашпай калган. Ага чырактай уулунан ажыраганы себеп болгонун айткан куудул мырза SUPER.KG порталына маек курду.

"Башыбызга келген оор сыноодон кийин быйыл гана кичине көңүлүм ачылып, чыгармачылыкка аралаша баштадым. Жакында эле сегизинчи перзентим жарыкка келди. Кудайга шүгүр, деп отурабыз. Буюрса, биздин үйдөн бир адам бейиште бар деп калам. Азыр жаңы чыгармалардын, сатиралардын үстүндө иштеп, элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып жатам", - дейт Айтиев.

Куудулдун маегин толугу менен видеодон көрүңүз.

Жеңишбек Айтиев: “Бейиште биздин үйдөн бирөө бар деп калам“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан