Чүйдүн Панфилов районунда 17 жаштагы өспүрүм сарайга асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
17-май күнү саат 01:07 чамасында Панфилов РИИБине Вознесеновка айылында жашы жете элек өспүрүм сарайга асынып алды делген маалымат келип түшкөн.
Жерине ыкчам-иликтөө тобу барып, маалыматты тактаганда 2004-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүм асынып алганы аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда өспүрүмдүн өлүмү боюнча териштирүү иштери башталды, алдын ала маалыматтар боюнча өспүрүм Кара-Балта шаарында бир тууган агасы менен жашачу. Ал эми Вознесеновка айылында туугандарыныкына барган.