Бүгүн, 18-май күнү саат 10:30 чамасында Калык Акиев жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинен жеңил унаа аял кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1988-жылы туулган айдоочу Жигули унаасы менен бара жатып 32 жаштагы С.А. аттуу аял кишини сүзүп алган.
Натыйжада аял киши шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Ал эми унаа айып короосуна токтотулган.
Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.