Жети-Өгүз: Саруулуктар бүгүн, 23-октябрда район борборунда митинг уюштурат
"Кумтөр" маселеси боюнча бүгүн, 23-октябрда Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары район борборунда митинг уюштурганы жатат. Муну аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков билдирди. Талаптар мурдагыдай: "Кумтөр" маселесин тез арада элдин кызыкчылыгына чечүү жана бул маселе боюнча айыпталып абакта отурган ысык-көлдүк тургундарды бошотуу. Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароо улантылат.