Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн менен жолукту

Бүгүн, 19-майда Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэн менен жолукту.

Тараптар футбол жаатындагы ар кандай долбоорлорду, анын ичинде жаңы заманбап стадион куруу боюнча талкуулашты. Канатбек Маматов Беларусь өлкөсүндө Кытай грантына курулуп жаткан улуттук футбол стадионун жана бассейнин мисал келтирди. Ошондой эле бүгүнкү күндө футбол дүйнө жүзүндөгү бул спорттун күйөрмандарын бириктиргенден тышкары, ар өлкөлөрдүн арасындагы достук мамилени күчөтөрүн белгиледи.

Ду Дэвэн Кытай Эл Республикасы 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярданып жатканын айтып өттү. Элчи долбоорлор кызыгуу жаратканын жана стадионду куруу маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилерин баса белгиледи. Ошондой эле аталган долбоор мурунку өлкө жетекчилери менен талкууланганын жана бул маселе аягына чейин чыкпай калганын айтты. Стадион куруу өлкөнүн кызыкчылыгында боло турган болсо, долбоорду ишке ашыруу мүмкүн экендигин белгиледи.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан