Бишкек шаарынын административдик соту Токмок шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 19-майда кабыл алынды.
Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына административдик ресурс колдонулганы негиз болгон.