Ырчылыктан саясатка кетип, вице-премьер-министрлик кызматка чейин жетип, учурда Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жаткан Ибрагим Жунусов маек төрүбүздө. Бир муун бул адамдын ырлары менен тарбияланды. Дагы бир муун ырчынын устаты десек да жарашат. 60 жашка чыкканын утурлай кыргыздын таланттуу уулун маекке чакырдык. Ал ырчылыктан кантип саясатка кеткенин, “ата” деген сөздү ушул күнгө чейин эмнеге айта албаганын, апасына болгон сүйүүсүн, атактуу Рыспай Абдыкадыровго кантип “уул” болгонун, жубайынын “оппозиция” болгонун, “Эламан” ырынын атактуу болгонун жана башка кызыктырды айтып берди.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №963 санынан окуй аласыз.