Жалал-Абад облусунун Чаткал району 39 милиционер жана Жол көзөмөлдөө кызматынын 2 кызматкери тейлейт. Бул тууралуу Чаткал районунун милиция кызматкерлери билдиришти. Милиционерлердин айтуусуна караганда, райондо 24 миңге жакын адам жашайт жана аларды 39 милиционер тейлейт. 5-6 миң автомобиль менен жол кыймылын көзөмөл кылып, тейлөө Жол көзөмөлдөө кызматынын 2 кызматкерине жүктөлгөн."Райондо криминалдык абал оор эмес, мыйзамды бузуучулар бул - уурулук менен майда бейбаштык кылгандар, дейт милиционер.