ЖКнын 23-октябрдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков "парламентте "Кумтөр" маселесинен кийин Саруу айылындагы абалды талкуулайлы",- деди. Саруу айылына иш сапары менен барганын айткан депутат ЖКга Ысык-Көл облусунун губернатору баш болгон бийлик жетекчилерин чакырып, аймактагы кырдаалды талкуулайлы деген сунуш билдирди. Төрага Асылбек Жээнбеков буга каршы болуп, сунуш комитетке жөнөтүлө турганын айтты.