Аалымдар кеңешинин каттоо жана аттестациялоо комиссиясы сынак өтүүчү күндөрдү жарыялады.
Муфтияттын тараткан маалыматында каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы 5-протоколдук чечимине ылайык, сынактар төмөнкү даталарда өткөрүлмөкчү:
21-май, саат: 14:30 — Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна;
22-май, саат: 10:00 – Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна;
24-25-май, саат: 10:00 — Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө.
Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын азирети муфтийи кызмат ордуна талапкерлер (документтери талапка жооп бергендер):
Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер (документтери талапка жооп бергендер):
Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлер (документтери талапка жооп бергендер):
11. Аскарбек Акимбай уулу
13. Бактыяр Токтогазы уулу
25. Кенжетай Курманходжаев
33. Мурадулло Абдисатар уулу
Дареги: Бишкек шаары. Гоголь көчөсү 57. Кыргызстан Ислам университети.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын мурунку муфтийи Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарган.