Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылынын 1961-жылы туулган тургуну 14-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.
"Изделип жаткан эркек кишинин кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылган. 14-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын 15 куткаруучусу, ИИМдин 6 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Бүгүн, 20-май күнү издөө иштери улантылат", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.