Новопокровкада Daewoo унаасы уурдалды. Унаа балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүкү болчу

Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылындагы "Биздин үн" социалдык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасын уурдап кетишти. Бул тууралуу аталган балдар үйүнүн кызматкерлери социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, балдар уурдалган унаа менен тамак-ашка, дегеле бардык керектөөлөрү үчүн каражат табышчу.

"Окуя кечээ, 19-май күнү болжол менен саат 23:00дөн эртең мененки 06:00гө чейинки убакытта болгон. Унаанын үлгүсү Daewoo Damas, 2000-жылы чыккан, мамлекеттик номери - О 9647 АХ. Эгерде кимде бул тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү номерлерге кабарап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0771 221 771, 0701 991 711", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан