Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-майында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү ("пара талап кылуу") боюнча кылмышка шектүү катары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Санариптик өнүгүү министри Дыйканбаев кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Республикага инвестицияларды тартуу жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иш-чараларды эске алуу менен мындай кылмыштарга катышкан мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматына жана эмгегине карабастан жоопко тартылат", - деп жазылат билдирүүдө.

Азамат Дыйканбаев пара талап кылуу фактысы менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aibek_eka
2021-05-20 13:21:39
Ушундай акмактар олкону артка тартып жататтарда эл учун иштейин деген бироо барбы же баарын эле жеп ичкени кызматка келесинерби
+8
Belek1710
2021-05-20 13:31:30
Өлдү го бул жагы, кече эле отуруп, бешиктен бели чы0га элек бала го,уят,уят,уят!!!
+9
Dastanali
2021-05-20 14:20:45
Жаштарды кой десе уят кылат го, ишенген кожом сен болсоң
+2
Nara5
2021-05-20 14:28:19
Келгиле ушунан коро Россияга кошулуп эле алалы кандай дейсинер
-7
Aibek_eka
2021-05-20 14:44:47
Nara5,бар дагы озун кошулуп ал сени бироо кармап турабы
+3
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-20 15:39:37
Жаштарды уят кылган эшак! Эми бут бөрүлөр чыгышат, биз ондоп жейт элек деп((
+3
ruslan73
2021-05-20 16:14:06
Атуу жазасын киргизип, атып эле салбасак болбойт окшойт. Олуп эле калган экенсинер да мамлекет, эл учун иштеп берсен олот белен? Откондо бироо кесибим ит атар деп атты эле. Ошого айтып мындай иттерди атып салыш керек
+3
Nara5
2021-05-20 16:29:03
Келатат жаштар келатат
0
Jelezo
2021-05-20 17:28:49
Азыркы жаштар акча, машина,анан килтейген үй андан кийин үйлөнөм дешет,биз биринчи үйлөнүп анан кийин калган маселени чечүүбүз.
0
Zumrudianka
2021-05-21 11:08:26
Жаш башын менен балээ барбы арам акча жегени, эми жашбы карт боорубу баарын бирдей катуу козомол кылыш керек значить арам акчасыз оз бешене терим менен иштейм деген адам жокко эсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан