Голливуд актрисасы Анжелина Жоли аарылардын тобу менен видеороликке тартылды. Видеороликтин негизги максаты 20-май Аарылардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата курт-кумурскаларды коргоо, көбөйтүү болуп саналат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актриса National Geographic журналынын видеоролигине тартылган. Уюштуруучунун айтымында, фотосессия ийгиликтүү аяктаган.
"Анжелина Жолиден башкасынын бардыгы аарылардан коргоочу костюмдарды кийишкен. Ал жер аарылар тынчсызданбашы үчүн караңгылатылып, тынч болгон. Актриса 18 мүнөт бою аарылардын курчоосунда кыймылдабай турган", - деп билдиришкен алар.
Ошондой эле актрисанын денесине курт-кумурскалар туура багытта сойлоп кетиши үчүн атайын феромондор менен сыйпалгандыгы белгиленген.
"National Geographic журналындагы атайын даярдалган материалда акыркы он жылдыктарда аарылардын саны кескин кыскара баштаганын жана бул өз кезегинде адамзатка ачарчылык менен коркунуч туудурушу мүмкүн экендиги жазылган. 2025-жылга чейин аарылардын санын 125 миллионго көбөйтүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.