Таиландда вакцина алгандарга уй жана акчалай сыйлык берилет

Таиландда коронавируска каршы эмдөө үчүн жарандарга уй жана акчалай сыйлык берүү убада кылынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Чиангмай провинциясынын бийлиги эмделген бардык адамдарды акчалай сыйлыгы бар лотереяга катышууга чакырат. Сыйлыктын баасы 318, 160 жана 78 доллар. Ошондой эле алар жума сайын эмдөөдөн өткөн бир айылдашын тандап алышат жана ага 321 доллар (27 миң сомдун айланасында) турган уй беришет.

Мындан тышкары эмдөө сертификатын көрсөткөндөн кийин жергиликтүү дүкөндөрдө жана ресторандарда 10 пайыз арзандатуу болот.

Ошентип өлкө калктын COVID-19га каршы иммунитетин иштеп чыгуу процессин тездетүү үчүн эмдөөнүн мотивациясын жогорулатууну каалайт. Жарандар бийликтин демилгесин оң кабыл алышканы белгилүү болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-05-22 07:57:33
Уй десе жашаган уйду ойлоптурмун Корсо корова турбайбы
-1
Asmat84
2021-05-22 12:44:23
Бизде деле ошондой болбойбу дейм да кайра кайра эмдөөдөн өтө бермекпиз болду десе деле болбой эле "жок мен чүчкүрүп атам эмдөөдөн өтпөсө болбойт" деп эле ала бермекбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан