"Илдет чыккандан бери чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, үйгө кайтып келүүнү каалаган ар бир боордошубуздун абалын түшүнүп турам", - деп президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөдү.
"Чек аралар жабылганга чейин биз 6 миңден ашык мекендешибизди өлкөгө алып келдик. Азыр чек аралар жабык. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, биз дагы эң биринчи мүмкүнчүлүк пайда болору менен алардын маселесин чечүүгө киришебиз", — деди ал.
Мамлекет башчысы мекендештер кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулукту сактап, жасалып жаткан иштерди колдойт деген ишенимин билдирди.
"Бирге болсок, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз. Биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз", - дейт президент.