"Евровидение-2021" ыр сынагынын экинчи жарым финалы жыйынтыкталды

Нидерландынын Роттердам шаарында өтүп жаткан "Евровидение-2021" ыр сынагынын экинчи жарым финалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.

Белгилүү болгондой, жарым финалда төмөнкү ырчылар ырдаган.

Сенит и Флоу Райда "Adrenalina" ыры менен (Сан-Марино),

Уку Сувисте "The Lucky One" ыры менен (Эстония),

Бенни Кристо "Omaga" (Чехия),

Стефания "Last Dance" (Греция),

Винсент Буэно "Amen" (Австрия),

Рафал Брзозовски "The Ride" (Польша),

Наталия Гордиенко "Sugar" (Молдова),

Daði og Gagnamagnið "10 Years" (Исландия),

Hurricane "Loco Loco" (Сербия),

Торнике Кипиани "You" (Грузия),

Анжела Перистери "Karma" (Албания),

The Black Mamba "Love Is On My Side" (Португалия),

Виктория "Growing Up is Getting Old" (Болгария),

Blind Channel "Dark Side" (Финляндия),

Саманта Тина "The Moon Is Rising" (Латвия),

Gjon’s Tears "Tout l’Univers" (Швейцария),

Fyr & Flamme "Øve os på hinanden" (Дания).

Финалга Албания, Сербия, Болгария, Молдова, Португалия, Исландия, Сан-Марино, Швейцария, Греция жана Финляндиянын ырчылары чыкты.

Буга чейин мындай укукка Норвегия, Израиль, Орусия, Азербайжан, Мальта, Литва, Кипр, Швеция, Бельгия жана Украинанын ырчылары ээ болгон.

Сынактын финалы 22-майда өтөт.

Европалык популярдуу обондуу ырлар сынагы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган.

Сынак 1956-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерландиядан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан