Бишкектеги "Аутизмди жеңебиз" борборунда 6 жашар баланын сабалышы боюнча милиция тергөө ишин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Биринчи Май РИИБинин орун басары Руслан Бердибаев бул иш боюнча тергөө иштерин жеке көзөмөлүнө алды.Текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин толук маалымат беребиз", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-майда Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аталган борбордун кызматкери 6 жаштагы церебралдык шал оорусу менен жабыркаган баланы сабаганы тууралуу жазып чыкты.
Анда Молдокматовага баланын апасы кайрылган. Катта: "Менин атым Назгүл, балам 6 жашта, ал балдардын церебралдык шал оорусу менен жабыркайт. Жакында эле мен баламды дефектолог адисине окууга алып баргам, анткени уулум сүйлөй албайт. Ал адис менин баламды катуу сабаптыр, сураныч мага жардам бериңиз. Ал баламды уруп жатканы тууралуу видео дагы бар", - деп жазган ал.