Жантөрө Сатыбалдиев: "Парламентти таратып жеберем" деп коркуткан жокмун"
"Кумтөрдүн" айынан канча киши азап тартканын, канча премьер-министр иштен кеткенин, канча президент кеткенин Сатыбалдиев жакшы билет",- деди ЖКнын 23-октябрдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. Ал парламентти таратып жиберем деп коркутуу оюнда жок экенин, бирок андай ыкманы пайдаланууга укугу бар экенин айтты. "Кыргызстанда ар бир жаран өз оюн айтууга укугу бар. Мен парламентти коркутайын деген оюм жок. "Кумтөр" боюнча мен эч нерсе жашырган жокмун. Ар дайым айтып келем, премьер-министр болбой калсам дагы, Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте, Ошто, өз айылымда жашагым келет",- деди Сатыбалдиев.