Депутат Эркин Алымбеков "Ата Мекен" фракциясынын "Кумтөр" боюнча позициясын билдирүү үчүн 15 мүнөт убакыт сурады
ЖКнын депутаты Эркин Алымбеков "Кумтөр" маселеси боюнча "Ата Мекен" фракциясынын позициясын коомчулукка так билдирип коюш үчүн 15 мүнөт убакыт сурады. Алгач төрага Асылбек Жээнбеков убакыт берилбей турганын билдирди. Депутат төрагага кайрылып: "Сунушумду добушка коюңуз, өтпөсө макулмун. Эгер дагы эле өз билемдикке салып мага убакыт бербесеңиз, анда коомчулукка пикирибизди билдирүүнүн башка жолун да жакшы билем",- деди. Сунуш добушка коюлуп, көпчүлүк депутаттар колдошту. Учурда депутаттар кыска танаписте. Жыйын ишин Эркин Алымбековдун баяндамасы менен улантат.