Орусиянын Екатеринбург шаарында жасалма документ жасоо менен алектенген Кыргызстандын жараны-аял кармалды. Бул тууралуу 22-октябрда Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Орусия ИИМинин Свердлов району боюнча экстремизмге каршы борбору февраль айынан бери Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандарын жашыруун текшерүү менен иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан. Иликтөөлөрдөгү маалыматтарга ылайык жарандар миграциялык документтерди жасап келишкен. Иликтөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери Екатеринбургдагы гараждардын биринде 3 миң рублге документ сатып алышкан. Кармалган жерде текшерүү жүрүп, миграциялык документтин (патент алуу, жумушка уруксат берүү, жергиликтүү гезит-журналдарга жазылуу үчүн) 300 бланкасы, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан жана кыргызстандык 70 жарандын паспорту табылган. Мындан сырткары миграциялык документ үчүн кайрылган 15 чет элдик жаран кармалган. Алардын арасынан 3 адам миграциялык мыйзамды бузгандар.