«Чыгыш электр» ААКсы: Нарын, Ысык-Көл облустары 250 миллион сом карыз

«Чыгыш электр» ААКга Ысык-Көл жана Нарын облустарынын быйылкы жылдын 9 айындагы дебитордук карызы 250 миллион сомду түздү. Ага көбүнчө мамлекеттик мекемелер карыз болууда. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Алмасбек Жумакадыров «Журналисттер үйү» коомдук бирикмесинин маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик мекемелерге чара көрүүгө жол жок, себеби алардагы электр энергияны өчүрсө жумуш токтоп калат. Бирок мындай абал менен кыш мезгилинде электр  жарыгы өчпөйт деп айта албастыгын билдирди.

  «Себеби  карыздар толук чогулбагандыктан электр жарыгына жаңы жабдууларды алууга мүмкүнчүлүк жок. Анткени көмөкчү чордондор 70-80 жыл мурун орнотулуп,  мөөнөтү өткөндүгүнө карабай иш алып барууда. Натыйжада кыш мезгилинде эски трансформаторлорга күч келип аварияга учурашы мүмкүн. Биз электр жарыгы такыр өчпөйт деген сөздөн алыспыз. Запаста турган жаңы трансформаторлор жок. Себеби карыздар толук чогулбай жатат. Эгер мамлекеттик мекемелердин электр жарыгын өчүруп салсак, анда иш токтоп калышы мүмкүн»,- дейт Алмасбек Жумакадыров. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан