Саруу айылынын тургундары жөө жүрүшкө даярданышууда

Бүгүн, 23-октябрда Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары жөө жүрүш өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу нааразычылык акциясынын активдүү катышуучусу Замир Мендебаев билдирди. Анын айтымында, учурда Саруу айылында 300гө чукул адам топтолду. Алар Кызыл-Суу айылын көздөй жөө жүрүш жасашат. «Биз тынчтык митингин улантуудабыз. Бүгүнкү жүрүш тууралуу кагаз түрүндө бардык жакка билдирүү бердик. Негизги коюп жаткан талабыбыз: 7-октябрда кармалган балдарды бошотуу жана "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу»-дейт Замир Мендебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан