Композитор Жамиля Муратованын атасы каза болду

Композитор Жамиля Муратованын атасы, Кыргыз улуттук маданиятынын ардагери, мыкты музыка чебери Эдил Муратов кечээ, 23-майда 84 жаш курагында узакка созулган катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Муратов Эдил Жумаканович 1937-жылы 3-апрелде Бишкек шаарында туулган. Ал айтылуу манасчы Бекмурат (Балыкооз) Кумар уулунун чөбөрөсү. 1963-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнүн кларнет аспабы боюнча адистигин аяктап, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К.Орозов атындагы эл-аспаптык оркестринде эмгек жолун баштаган.
Эдил Муратов К.Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин калыптанып өнүгүшүнө зор чыгармачылык салымын кошуп, эң чебер музыканты катары, жубайы Кыргыз эл артисти Хадима Берикбаева менен бирге көптөгөн мамлекеттерде кыргыз элинин улуттук маданиятын жана искусствосун тааныткан. Чыгармачылык менен эриш аркак коомдук иштерди алып барып, филармониянын профсоюздук уюмунун төрагасы болуп иштеп келген. Эдил Муратов Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы жана "Эмгек ардагери" медалы менен сыйланган.
1988-жылы ардактуу эс алууга чыгып, музыкалык аспаптарды мыкты жасаган уста болгон.
Анын уулу Данияр Муратов - мугалим, кызы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кызы көрүнүктүү композитор Жамиля Муратова.

Эске салсак, Жамиля Муратованын апасы, музыкант жана кыл кыякчы Хадима Берикбаева ушул жылдын апрель айында каза болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Эдил Муратовдун каза болгондугуна байланыштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан