Бул жагынан Кыргыз өлкөсү алдына ат салдырбайт. КМШнын кайсы өлкөсүндө канча жолу президент алмашкан?

Бул жылы СССРдин кулаганына туура 30 жыл толот. 30 жыл аралыгында Кыргыз өлкөсүн 6-президент башкарууда. Эгемендүүлүк алган 30 жыл ичинде Борбордук Азия, КМШ өлкөлөрүндө канча ирет президент алмашканын тизмектеп көрдүк.

Азербайжан: Өлкөнү 1 жылдан башкарган Муталибов жана Эльчибей, бийликти атасынан мураска алган Алиев.

1991-жылдын 8-сентябрында өткөн шайлоодо Азербайжандын алгачкы президенти болуп Аяз Муталибов шайланган. Анын жалгыз атаандашы Зардушт Ализаде шайлоого бир жума калганда жарышка катышуудан баш тартып, жыйынтыгында өлкө башчылыгына жалгыз талапкер болгон Муталибовго шайлоочулардын 98,5 пайызы добуш берген.

Муталибовдун саясий карьерасын Карабахтагы кандуу окуялар токтоткон. Башкача айтканда, Тоолуу Карабахтагы армяндар эгемендүүлүгүн жарыялап, ал жактагы куралдуу кагылыштар Азербайжанга саясий кризисти алып келген. Оппозиция аны шалаакылыкка айыптап, отставкага кетүүсүн талап кылган. Мына ушундай басымдын негизинде 1992-жылдын 6-мартында Аяз Муталибов бийликтен кетүү арызын жазган.

Кийинки президенттик шайлоо 1992-жылдын 7-июнунда өтүп, 4 талапкердин ичинен 60,9 пайыз добушка ээ болгон Абульфаз Эльчибей жеңишке жетишкен. Анын бийликтеги мөөнөтү да болгону 1 жылга созулуп, 1992-жылдын август айында өткөн референдумда анын отставкасына 97,5 пайыз шайлоочу "макул" деп добуш берген.

Эльчибейдин отставкасынан кийин президенттин милдетин аткарган Гейдар Алиев 1993-жылдын 3-октябрында шайлоодон жеңип чыгып, расмий түрдө өлкө башчылыгын өз колуна алган. Ал Азербайжанды 10 жыл башкарып, 2003-жылы оорудан улам каза тапкан. Алиевдин өлүмүнөн кийин бийлик анын уулу Ильхам Алиевге өтүп, бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын колунда кармап келет.

Армения: Президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга чейинки жол

Армения өлкөсүн да учурда 4-президент башкарып жаткан учуру. Өлкөнүн туңгуч президенти Левон Тер-Петросян шайлоочулардын 83,4 пайыз добушуна ээ болуп, 1991-жылдын 11-ноябрында кызматка киришкен. 1995-жылы экинчи мөөнөткө шайланып, 3 жылдан кийин өкмөттөгү ич ара келишпестиктерден улам өз эрки менен отставкага кеткен. Пикир келишпестиктерге президенттин Тоолуу Карабахтагы окуялардын кесепетин жоюу үчүн айрым калктуу пункттарды Азербайжандын көзөмөлүнө кайтарып берүү сунушу себеп болгон.

Армениянын 2-президенти болуп 1998-жылы 59,5 добуш алган Роберт Кочарян шайланган. Ал Петросяндын отставкасынан кийин президенттин милдетин аткарып турган. 2003-жылы экинчи мөөнөткө шайланган Кочарян бул ирет 67,5 пайыз добуш топтогон. 2008-жылы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу отставкага кеткен.

Кийинки шайлоодо жеңишке жеткен Серж Саргсян 10 жыл президенттик тактыда отурду. 2015-жылы өткөн референдумда Армения парламенттик башкаруу системасына өтүп, өлкөдөгү негизги бийлик премьер-министрдин колуна тийди. Саргсян 2018-жылы парламенттин көпчүлүк добушу менен премьер-министрликке шайланып, буга оппозиция каршылык көргөзүп, массалык нааразычылыктардан улам ал отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Анын ордуна оппозициянын көрүнүктүү лидери Никол Пашинян бийликке келип, ушул күнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткарып келет. Ал эми президенттик тактыга 2018-жылдын апрель айында Армен Саркисян шайланган.

Беларусь: Жападан жалгыз президент Лукашенко

Эгемендүүлүк алган жылдан 1994-жылга чейин Беларусь өлкөсү парламенттик өлкө болуп келген. Өлкөдөгү мыйзам чыгаруу бийлиги Станислав Шушкевич төрагалык кылган парламенттин колунда болсо, аткаруу бийлиги, куралдуу күчтөрдүн үстүнөн көзөмөл кылуу Вячеслав Кебич жетектеген министрлер кеңешинин карамагында болгон.

1994-жылы жаңы Конституция кабыл алынып, алгачкы президенттик шайлоо өткөн. Биринчи турда эң көп добуш алган Александр Лукашенко менен Вячеслав Кебич экинчи турга өтүп, анда 80,1 пайыз добуш алган Лукашенко президент болуп шайланган. Ушул күнгө чейин Беларусь өлкөсүн эл арасында "Батько" лакап атына ээ болгон Лукашенко башкарып келе жатат.

Казакстан: "Эл башы" жана Токаев

Коңшу Казакстанды эгемендүүлүк алгандан бери экинчи президент башкарууда. Казакстандын туңгуч президенти "Эл башы" титулуна ээ Нурсултан Назарбаев өлкөнү 1991-жылдан 2019-жылга чейин башкарган. 1991-жылдын 1-декабрында өткөн шайлоодо жападан жалгыз талапкер болгон Назарбаев 98,78 пайыз шайлоочулардын колдоосу менен президент болуп шайланган. Жалпысынан 6 жолу мамлекет башчысы болуп шайланган Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында түз эфирде бүткүл казак элине кайрылуу жасап, күтүүсүздөн тактыдан кетерин жарыялаган.

Назарбаевдин отставкасынан кийин мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары Казак парламентинин Жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөн. Ал эми Нурсултан Назарбаев Казакстандын коопсуздук кеңешинин төрагасы, Конституциялык кеңештин мүчөсү жана "Нур-Отан" партиясынын төрагасы болуп калган.

2019-жылдын 9-июнунда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо "Нур-Отан" партиясынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Токаев жеңишке жетишкен.

Орусия: Ельцин, Путин, Медведев, Путин...

1991-жылдын 12-июнунда өткөн шайлоодо 57,3 пайыз добуш менен жеңишке жетишкен Борис Ельцин Орусиянын алгачкы президенти болуп шайланган. Дээрлик 10 жыл мамлекетти башкарган Ельцин ХХ кылымдын акыркы күнү, 1999-жылдын 31-декабрында Орусия элине жаңы жылдык кайрылуусунда отставкага кетерин жарыя кылган.

Ельцин тактыдан кеткенден кийин ошол кездеги өкмөт башчысы Владимир Путин президенттин милдетин аткаруучу болуп калган. 2000-жылдын 26-мартында өткөн президенттик шайлоодо Путин 51,95 пайыз добуш менен жеңип чыккан. 2004-жылы ал экинчи мөөнөткө шайланып, 2008-жылы мыйзамга ылайык, үчүнчү мөөнөткө шайлоого катышкан эмес.

Орусиянын 3-президенти болуп шайланган Дмитрий Медведев өлкөнү туура 4 жыл башкарып, 2012-жылы бийликти кайрадан Владимир Путинге өткөрүп берген. Бул ирет 6 жылдык мөөнөткө шайланган Путин 2018-жылы дагы бир мөөнөткө президент болуп шайланган. Орус президентинин азыркы мөөнөтү 2024-жылы аяктайт.

Тажикстан: Набиевдин сырдуу өлүмү жана Рахмондун 29 жылы

1991-жылдын 24-ноябрында өткөн эгемендүү Тажикстандын тарыхындагы алгачкы президенттик шайлоодо 58 пайыз добуш топтогон Рахмон Набиев жеңишке жетишкен. Кийинки жылдын март айында Тажикстанда жарандык согуш башталып, 7-сентябрда оппозициянын басымынан улам Набиев президенттиктен кетүү арызын жазууга мажбур болгон. Рахмон Набиев 1993-жылы, 11-апрелде Худжанд шаарындагы үйүндө каза болгон. Расмий түрдө инфарктан улам каза тапканы айтылганы менен анын жубайы денесинде бир нече зомбулуктун белгилери болгонун айткан.

Набиевдин отставкасынан кийин өлкөдөгү президенттик кызмат орду жоюлуп, иш жүзүндө парламенттин төрагасы мамлекетти башкарып турган. Башкача айтканда, өлкөнүн Жогорку советинин төрагасы Эмомоли Рахмон 1994-жылы өткөн президенттик шайлоого чейин Тажикстанды башкарып турган.

Өлкө тарыхындагы экинчи президенттик шайлоого оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү катышууга жол берилген эмес. Буга байланыштуу бириккен оппозициялык кыймылдар шайлоого бойкот жарыялашкан. Жыйынтыгында Тажикстандын Орусиядагы элчиси Абдумалик Абдулладжонов жана парламент төрагасы Эмомоли Рахмон ат салышкан шайлоодо Рахмон жеңишке жетишкен. Өлкөнүн Конституциясы жана шайлоо жөнүндө мыйзамдары эл аралык стандарттарга туура келбейт деген жүйө менен БУУнун жана ЕККУнун байкоочулары Тажикстандагы президенттик шайлоого жөнөтүлгөн эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин аталган өлкөнү Эмомоли Рахмон башкарып келе жатат.

Түрмөнстан: "Түркмөн башы" менен "Аркадагдын" өлкөсү

Түркмөн эли бүгүнкү күндө экинчи президенттин доорунда жашап келет. "Түркмөн башы" титулуна ээ болгон Сапармурат Ниязов алгачкы ирет Түркмөнстан эгемендүүлүк алганга чейин 1990-жылы Түркмөн ССРинин президенти болуп шайланган. Эгемендүүлүктү алгандан кийин, 1992-жылы Ниязов кайрадан президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштап, өзү жападан жалгыз талапкер болгон. Шайлоочулардын 99,5 пайыз добушун алган Ниязов өлкөнү 2006-жылга чейин башкарган. Ал 2006-жылдын 21-декабрында жүрөк оорусунан каза болгон.

Ниязовдун өлүмүнөн кийин убактылуу бийлик мыйзамга ылайык, парламенттин төрагасына өтүшү керек эле. Бирок түшүнүксүз жагдайлардан улам парламент төрагасына кылмыш иши козголуп, президенттин ыйгарым укуктары Ниязовду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурган Гурбангулы Бердымухаммедовго өтүп калган. 2007-жылы Бердымухаммедов расмий түрдө президент болуп шайланган. Ушул күнгө чейин Түркмөнстанды "Аркадаг" титулуна ээ болгон Бердымухаммедов башкарып келет.

Өзбекстан: Каримов менен Мирзийоевдин ортосунда 6 күн өлкө башкарган Йулдошев

Кыргыз өлкөсү менен 1 күндө, 1991-жылдын 31-августунда эгемендүүлүгүн жарыялаган Өзбекстандын алгачкы президенти Ислам Каримов өлкөнүн президенти катары 1991-жылдын 29-декабрында расмий түрдө бекиген. 5 жолу кайра шайланган Каримов өмүрүнүн аягына чейин коңшу мамлекетти башкарып турган. Тактап айтканда, 2016-жылдын 2-сентябрында өзбек өкмөтү президент Ислам Каримов оорудан улам каза болгонун кабарлаган. Буга байланыштуу парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Нигматилла Йулдошев президенттин милдетин аткарууга киришип, 6 күндөн кийин, 8-сентябрда мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын аткаруудан баш тарткан. Мындай кадамын ал мамлекетти башкарууда жетиштүү тажрыйбасынын жоктугу менен түшүндүргөн.

Жыйынтыгында президенттин милдетин аткарууну Шавкат Мирзийоев мойнуна алып, 14-декабрда өткөн шайлоодо расмий түрдө президент болуп шайланган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-05-28 13:29:29
Белорустар окубасын,ыйлап жиберишет.Батьколорун ордунан жылдыра да алышпай турган кездери.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан