Ноокатта изделип жаткан 21 жаштагы жарандын жансыз денеси өзү айдап жүргөн унаасынын багажынан табылды

Ош облусунун Ноокат районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 21 жаштагы жарандын жансыз денеси өзү айдап жүргөн унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну Ноокат РИИБине 21 жаштагы иниси 21-май күнү Деу-Ласетти үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 23-май күнү дайынсыз жоголгон жарандын унаасы Көк-Жар айылында жайгашкан "Ака-Үка" чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда багаждан дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.

Тергөө учурунда шектүү катары 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Эмне себептен өлтүргөндүгүн тактоо максатында тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан