Кыргызстанда жумуш жана кызматкер издөө үчүн ishtapp колдонмосу ачылды

Иштеп чыгуучу (разработчик) – кыргызстандык Ulut Soft LLC компаниясы. Компаниянын директору Мирбек Окенов мобилдик колдонмонун артыкчылыктары жана анын максаттары жөнүндө айтып берди.



ishtapp мобилдик колдонмосу жасалма интеллекттин колдонушу менен иштелип чыккан. Бул жумуш издөөчүлөргө кызыктуу гана вакансияларды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле колдонмодо шаар жана аймактар, жумуш сферасы жана график боюнча фильтрация бар. Мындан тышкары колдонмо кыргыз жана орус тилинде жеткиликтүү.

Мобилдик колдонмо БУУӨПтүн «COVID-19га болгон инклюзивдүү жана көп тармактуу жоопту колдоо жана анын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу» долбоорунун алкагында Япониянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке киргизилген.

Жагымдуу көрүү каалайбыз!

ishtapp мобилдик колдонмосу PlayMarket/ App Store жана App Gallery-де жеткиликтүү.
Мобилдик колдонмону кийинки шилтеме менен жүктөңүз:


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан