Айыл башчы: "Ноокатта унаасынын багажынан сөөгү табылган 21 жаштагы баланын ата-энеси Орусиядан келе жатат"

Ош облусунун Ноокат районунда өзүнүн унаасынын багажынан жансыз денеси табылган 21 жаштагы маркумдун сөөгү жерге берилип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Алашан айылынын айыл башчысы Нурмамат Эргешов билдирди.

Айыл башчынын айтымында, каза болгон баланын атасы менен апасы Орусияда иштеп жүргөн.

"Бала айылда чоң атасы, чоң апасы жана 3 карындашы менен жашачу. Өзү ар кандай жумуштарда иштечү. Азыр сөөгү жерге берилүүдө. Ал эми атасы менен апасы өлкөгө келе жатышат.

Окуя эмнеден улам чыкканы белгисиз, шектүүлөр менен дос болуп эле жүрүшчү деп айтып жатышат. Алар Көк-Жар айылындагы чайканада ашпозчу болуп иштешчү экен", - деди айыл башчы.

Окуянын чоо-жайы:

Дайынсыз болуп изделип жаткан 21 жаштагы жарандын жансыз денеси өзү айдап жүргөн унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну Ноокат РИИБине 21 жаштагы иниси 21-май күнү Деу-Ласетти үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Аталган арыз Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 23-май күнү дайынсыз жоголгон жарандын унаасы Көк-Жар айылында жайгашкан "Ака-Үка" чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда багаждан дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан