Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда иш сапары менен Орусия Федерациясынын Сочи шаарына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргыз-Орус байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулашат.