"Күч колдонулуп, бычакталып өлтүрүлгөн". Бишкекте эркек кишинин өлүмүнө шектелип бир нече жолу соттолгон аял кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-май күнү саат 19:26 чамасында Биринчи Май райондук милициясына Тоголок-Молдо көчөсүндөгү "Пишпек" ресторанынын жанында бир адам бычактан жаракат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге укук коргоо органдары барып маалыматты тактаганда, болжол менен 50-55 жаштардагы эркек кишинин сөөгү табылган. Жансыз денеге алгачкы кароо жүргүзгөндө бычактан жаракат алып ага карата күч колдонуу болгону аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Маркумдун аты-жөнү такталып, ал 1974-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги белгилүү болгон. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 1973-жылы туулган аял кармалган. Ал Ысык-Көл облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон. Ал күнөөсүн моюнга алып, далил катары бычакты өткөрүп берген. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан