Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте "Бишкек-2013" көргөзмө-жарманкеси ачылды. Ага Кыргызстандагы 80ден ашык фирмалардын, ошондой эле Казакстандын, Түркиянын, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн продукциялары коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рима Асапова "Өз мекенибизден чыккан продукциялар табигый материалдардан жасалгандыгы менен эл аралык рынокто мыкты бааланат" деген пикирин айтты.