Биз социалдык тармакта

Байге фонду 100 миң сом. Борбордо "Таттыбүбү кыргыз поэзиясында" аттуу сынак өтөт

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын өчпөс элесине арналган "Таттыбүбү кыргыз поэзиясында" аттуу сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2021-жылдын 30-май күнү саат 14:00дө Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл багында концерттик программа менен коштолуп, Таттыбүбү темасындагы ырлар жаңырат.

Сынактын талаптары:

*16 жаштан 37 жашка чейинки курактагы акындар катыша алышат;

* Тапшырылган ырлардын көлөмүнө чектөө коюлбайт;
* Чыгармалар жазуу түрүндө электрондук вариантта гана кабыл алынат;
* Бир автор бир гана ыр менен катышууга укуктуу;
* Ырлар мурда сынакка катышпаган болушу шарт;
* Чыгармалар документ Word. (doc же docx) файлдарында шрифт Times New Roman 14 өлчөмүндө, 1,5 аралыкта болуусу керек. Ырлар "Нурборбор" чыгармачылык академиясында кабыл алынып жатат.

Сынактын байге фонду 100 миң сом.

Белгилей кетсек, сынак Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы республикалык фонду, Нурканбек Турсунбаев атындагы Эл аралык коомдук кайрымдуулук фонду жана Кыргыз Республикасынын эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясы менен биргеликте уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан