Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяларды талкуулашты

Бүгүн, 24-майда президент Садыр Жапаров Сочи шаарында Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Башкалар менен катар регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды. Ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага жакын айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Владимир Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер бекемделип, өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

"Орусия Кыргыз өлкөсүнүн соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турат. Тилекке каршы, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен соода бир топ төмөндөдү. Бирок ушул жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 6 пайызга жогорулаганын байкадык. Мындай жакшы тенденцияны активдүү иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиянын жардамы менен сактап калуубуз кажет. Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Орусия Кыргыз өлкөсүнө тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган Спутник V вакцинасын Кыргыз мамлекетинде өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат", - деп айтты Владимир Путин.

Мындан тышкары Орусия президенти Орусия Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалды көңүл коюп, өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын баса белгиледи.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерин чечүү ниеттерин оң кабылдадык. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек", - деп кошумчалады Владимир Путин.

Ошону менен бирге тараптардын эл аралык уюмдарда активдүү кызматташарына, алардын арасында ЕАЭБ, ЖККУ жана башка уюмдардын, анын ичинде БУУ сыяктуу глобалдык мүнөздөгү уюмдардын алкагындагы кызматташтык өзгөчө орунду ээлерине токтолду.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санагандыгы жана кыргыз элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясы менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй тургандыгын баса белгиледи.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров орусия тарапка коронавирус инфекциясы пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөткөндүгү үчүн да өзгөчө ыраазычылыгын айтты.

Тараптар күн тартибиндеги биргелешкен бардык маселелер боюнча натыйжалуу диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан