Ош. Шаарда Транспорт кызматкерлеринин күнүнө карата "Мыкты айдоочу" жана "Мыкты маршрут" наамдары аныкталат

Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан шаарда маршруттук каттамдар арасында "Мыкты айдоочу", "Мыкты маршрут" аттуу наамдар аныкталат. "Мыкты айдоочу "наамына ишке өз убагында чыгып, жүргүнчүлөрдөн даттануулар түшпөгөн, өз ишине так айдоочулар татыктуу боло алат. Ал эми "Мыкты маршрут" наамына  техникалык абалы жакшы, ичи таза, өз чыгармачылыгына жараша жасалгаланган маршруттар татыктуу боло алат. Жыйынтыгында, аталган агенттик тарабынан ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат",- дейт бул тууралуу агенттиктин кызматкери Нургазы Каримов. Иш-чара октябрь айынын акыркы жекшембисинде Транспорт кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Ал эми сыйлыктар 29-октябрда жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде тапшырылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан