Кыргызстандын чек арачылары тарабынан 9 айда Өзбекстан тарапка өтүп кеткен 1 миң баш мал кайтарылды

2013-жылдын 9 айы ичинде Кыргызстандын Жалал-Абаддагы чек арачылары тарабынан Өзбекстандын чек арасына өтүп кеткен 1 миң баш мал кайтарылып берилген. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси, полковник  Абдыкерим Алимбаев билдирди. Анын сөзүнө караганда кайтарылган малдын ичинен 156сы ири мүйүздүү мал, 1 миң 110у майда мүйүздүү мал, 15и кулун болгон. "Бизде Өзбекстандын чек арачылары менен өз ара сүйлөшүүлөрүбүз бар, чынында мыйзам боюнча мал кайтарылып берилбеши керек эле. Бул абдан оор иш",- дейт Алимбаев. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан