Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин сотун белгисиз убакытка жылдырылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту Нариман Түлеевдин доо арызын карап чыгып, бүгүн, 23-октябрда кабыл алды. Эске салсак, 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаанын экс-мэри Нариман Түлеевди үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен 11 жылга эркинен ажыраткан.