Өзбекстан август айынан бери чек ара өтмөктөрүндөгү чектөөнү ала элек

Өзбекстан мамлекети өзүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан менен чектешкен 15 чек ара өтмөгүнө чектөөлөрдү киргизген. Ушул күнгө чейин бул чектөөлөр алынган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда кабарчыбыз Гүлмайрам Сабирбекова Ала-Букадан билдирди. 

Ала-Бука районундагы Баймак чек ара өтмөгүндө Ош, Жалал-Абад облустары жана Өзбекстан менен чектешкен аймактагы Кыргызстандын жарандары коңшу өлкөдөгү туугандарынын жакшылык, жамандыктарына атайын телеграмма болсо гана өтө алышат. Ошол эле учурда Өзбекстандын жашоочулары да жакыны каза болгондугу тууралуу телеграмма менен гана жөө өтө алышат. «Учурда 15 чек ара постунан 2 гана автоөтмөк ачык. Алар Баткендеги Кадамжайда, Жалал-Абадда Достук өтмөгү»,- деди Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек Алымов. Кошумчалай кетсек, 22-октябрдан тартып КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытовдун Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондоруна болгон иш сапары жүрүүдө. Анын алкагында Мамытов аймактын социалдык көйгөйлөрү жана тактала элек чек ара маселелери менен таанышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан