“Өзбекстан менен керектүү деңгээлде сүйлөшө албагандыктан Көк-Таш айылында ушундай көйгөйлөр жаралып жатат”, - деп билдирет вице-премьер-министр Токон Мамытов менен Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында жергиликтүү элдин жолугушуусунда аталган айылдын башчысы Адылбек Алымов. Бул тууралуу кабарчыбыз Гүлмайрам Сабирбекова Ала-Букадан маалымдайт. Айыл өкмөт башчы 1991-жылы эки мамлекеттин жетекчилери кол койгон чек ара документи менен маселени чечсек деп сунуштады. Ошол эле учурда Токон Мамытов чек ара боюнча сүйлөшүүлөр, такташуулар Ата Мекендик согуш жылдарынан бери бир нече ирет көтөрүлгөнүн, 1991-жылкы документ акыркы деп атууга болбой турганын айтты. 2006-жылдан бери өлкө боюнча бир да чек ара такталбаган.
Мамытов мындан сырткары Үзөңгү-Кууштун Кытайга, Каркыранын казактарга берилишинен кийин чек ара маселелерин чечүүдө жоопкерчиликти алуудан жетекчилер коркуп жатышат деп кошумчалады. Эске салсак, Көк-Таш айылы Ала-Бука районундагы чек ара маселелери курч айыл.