Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин комитетинде "Коопсуз шаар" боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
"Эгерде айып пул салуу жөнүндө буйрук түшкөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскарат. Башкача айтканда, айып пулдун өлчөмү 1000 сомдун ордуна 300 сомду гана түзөт", - деди Нурбек Абдиев.
Талкуу маалында депутат Рыскелди Момбеков комитеттин "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабы боюнча жумушчу тобунун жетекчиси болгонун эске салып, Сыргак Кенжебаевдин жана Азамат Дыйканбаевдин камалышы аталган долбоордо ири коррупция бар экенинин далили экенин кошумчалады.
Ошондой эле депутат тендер өткөрүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар катталганына токтолуп, Дыйканбаевдин камалышына Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясы тарабынан келишимдин аткарылыш мөөнөтүн узартуудан баш тартуу себеп болгонун жоромолдоду.
Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.