Жалал-Абадда тоноо фактысына шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, апрель айында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун 19 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда түнкү саат 2:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш 3 бала арыз ээсин коркутуп, күч колдонуп 10 миң сомдук телефонун жана 85 миң сом накталай акчасын тартып алганын билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен Сузак районунун 2000-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын 2 шеригинин да аты-жөнү аныкталып, тергөө абагына камакка алынган. Учурда Жалал-Абад ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.