"Флойд Мейвезер менен мушташуу сунушталган". Хабиб Нурмагомедов 100 миллион доллар сунушташса дагы апасына сөз берип койгону үчүн беттештен баш тартты

UFC уюмунун жеңил салмак боюнча мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов атактуу америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен мушташуу үчүн сунушталган 100 миллион доллардан баш тартты. Бул тууралуу Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз америкалык басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

"Хабибге UFC уюму Мейвезер менен мушташ үчүн 100 миллион доллар сунуштаган. Бирок Хабиб мага: “Жок, мен кеткем. Карьерамды жыйынтыктадым деп апама айткам. Мен ага берген сөзүмдү аткарам. Эгер апам дагы бир жолу мушташууга уруксат берсе, балким, мушташам. Бирок ал азырынча муну айтпайт" деп айтты. Ал мусулман жана биз энелерибизди абдан сыйлайбыз", - деген Абдель-Азиз.

32 жаштагы Хабиб Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

43 жаштагы Мейвезер карьерасын 1996-жылы баштаган. Ал акыркы беттешин 2017-жылдын август айында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго каршы өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңип алган. Мейвезер жалпы карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен (анын 27си нокаут менен).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Merch
2021-05-25 17:12:35
Хабиб эки салмактын чемпиону эмес.
-1
PFC-CSKA
2021-05-25 19:07:31
100 миллион доллар наличи канча болорун апасына корсотсо балким бир жолу рингке чыкканга уруксат берет.ошол акчаны алып кайрымдулукка жумшаса жакшы болмок да.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан