"Унаалары Гелендваген". Чүйдө тоого эс алууга бара жаткан бүтүрүүчүлөрдү милиция артка кайтарды

Бүгүн, 25-май күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоого эс алууга бара жаткан бүтүрүүчүлөр милиция кызматкерлери тарабынан токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Мерседец Гелендваген үлгүсүндөгү унаа менен бара жатышкан.

"Аламүдүн районунун жол кайгуул кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турганда акыркы коңгуроо салтанатын майрамдоого тыюу салынгандыгына карабастан Теплые ключи эс алуучу жайына бара жаткан бүтүрүүчүлөрдү аныкташкан.

Милиция кызматкерлери унааны токтотуп, бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң аларды үйлөрүнө баруу үчүн артка жөнөтүшкөн", - деп билдиришти аталган кызматтын басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан