"Кумтөр" боюнча Жогорку Кеңештин токтому

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V “2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды, ошондой эле талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Токтому: 

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V “2013 21-февралындагы № 2805-V “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормалар, талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” КРнын өкмөтүнүн жана КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматын угуп, талкуулап, төмөндөгүлөрдү белгилейт: 

 

КРнын өкмөтү тарабынан 2013-жылдын 9-сентябрында "Центерра Голд Инк. компаниясы менен жетишилген келишимдердин алкактарында "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган, анда Консультативдик кеңештин жыйналышында жана КРнын өкмөтүнүн жыйналышында эки тарап Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдарга жараша биргелешкен ишкана түзүүнү сунушташкан. 

 

КРнын Жогорку Кеңешинин бардык фракциялары КРнын өкмөтү тарабынан сунушталган "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду колдоого алышкан жок.  

 

Өз кезегинде, документтерди жалган жасоо фактылары жана коррупциялык схемалар КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан табылып, "Кумтөр" долбоорун реструктуризацялоо боюнча "Камеко" корпорациясы менен 2003-жылдын 12-16-декабрында Торонто шаарында жалпы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн КРнын өкмөтүнүн эксперттер тобунун мүчөлөрү кармалган. 

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана комитеттердин, парламенттик фракциялардын чечимдерин жана парламенттик угуулардын сунуштарын эске алып КРнын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Консультативдик кеңештин жыйналышында жана КРнын өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрдагы жыйналышында жактырылган "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун шарттары жетишсиз деп эсептелсин.

 

2. КРнын өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- КРнын позицияларын жакшыртуу максатында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантсын, 67 пайыздан кем эмес үлүштү көбөйтүүгө жетишсин   

 

- "Кумтөр" кенин жер алдында ыкма менен иштетүү долбоорун карасын

 

- мөңгүлөрдү сактоо үчүн мониторинг боюнча Борбор түзүүнү жана каржылоону карасын

 

- экологиялык, тоо-техникалык, юридикалык жана экономикалык экспертиза жүргүзгөн аффелироваланбаган ички жана эл аралык эксперттердин корутундусун КРнын Жогорку Кеңешине берсин

 

- өз ара алгылыктуу варианттарга жетишүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда КРнын өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКсынын, канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКсынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынын жана канадалык "Камеко" корпорациясынын ортосунда 2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну жокко чыгаруу жол-жоболорун анын ичинде КРнын мыйзамдарына ылайык 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн "Кыргызалтын" ААКсынын, канадалык "Камеко корпорейшн" корпорациясынын, канадалык "Камеко Гол Инк." корпорациясынын жана канадалык "Центерра Голд Инк." корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө Макулдашуудан жана КРнын өкмөтү менен "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Инк." ЖАКсынын ортосунда 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн Инвестициялык макулдашуудан 2013-жылдын 23-декабрына карата чыгууну демилгелесин 

 

3. КРнын Башкы прокуратурасына төмөнкүлөр сунушталсын:

 

- Канадалык "Камеко" корпорациясынын "Центерра Голд Инк." компаниясынын", "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКсынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынын "Кумтөр Голд Майнинг" ЖАКсынын менеджментин жана жетекчилигин экологиялык ченемдерди бузгандыгы жана башка тартип бузуулары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо. 

 

- өлкөнүн экономикасына зыян келтирген макулдашууларды, келишимдер менен документтерди даярдоого жана кол коюуга катышкан кызматтык жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо. 

 

- КРнын 2005-жылдын 6-августундагы №128 мыйзамы менен ратификацияланган БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясынын жоболоруна ылайык Кыргызстан үчүн мурда пайдасыз болгон макулдашууларды жокко чыгарууну кийин демилгелөө максатында рудадагы күмүштүн, теллурдун жана башка коштомо компоненттердин корлорун эске алуу менен "Кумтөр" кени боюнча кымбат металлдардын корун эсептөөнү атайылап төмөндөтүү фактыларын иликтөө 

 

4. КРнын өкмөтү жана КРнын Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө КРнын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 23-декабрына карата маалымат берсин 

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КРнын Жогорку Кеңешинин Отун энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине, Эл аралык иштер боюнча комитетине, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетине, Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан