Индиялык актёр 37 жылдан бери кыркпаган чачынын узундугун көрсөттү

Индияда төрөлгөндөн бери чачына кайчы тийгизбеген 37 жаштагы актёр Санни Осан чачынын узундугун камера астында көрсөттү. Анын видеосу TikTok тиркемесине жарыялангандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал сикхтердин этно-конфессиялык тобуна кирерин айткан. Ага ылайык, чачын кыркууга тыюу салынат. Ал учурда 37 жашта жана эч качан чачына кайчы жолотпой өстүрүп келет. Видеодон анын чачынын узундугун көрсөтүп, кайра чачын түйүп, чалма менен ороп койгондугун көрүүгө болот.

"Кээ бир адамдар эгерде чачты кыркпай өстүрсө, таманга чейин жетет деп ойлошот. Бирок бардык адамдардын эле чачынын өсүүсү бирдей эмес. Мен төрөлгөндөн бери чачымды кырккан эмесмин. Бирок өзүңөр көргөндөй, 37 жылдан бери кыркылбаган чачымдын узундугу белге чейин эле", - деген ал.

Бул видео 11 миллиондон ашуун көрүлүп, 2 миллон 700 миң "жакты" белгисин чогулткан.

Индиялык актёр 37 жылдан бери кыркпаган чачынын узундугун көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан